Бишкекте тергөөчү 100 миң сом менен кармалды. Акчаларды бут кийимдин ичине катып койгон
RU

Бишкекте тергөөчү 100 миң сом менен кармалды. Акчаларды бут кийимдин ичине катып койгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Свердлов РИИБдин тергөөчүсүн кармады. Комитеттен билдиришкендей, кызматкер опузалап пара алып аткан жеринен колго түшүрүлгөн.

11-апрелде ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын иш бөлмөсүндө алып жаткан жеринен тергөөчү Ж.А.Т. кармалды.

Тергөөдө ал жабырлануучуга карата кылмыш ишин токтотуп берүү үчүн 2000 доллар акча талап кылгандыгы аныкталды.

Кармалган кызматкер УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул факты боюнча 343-берене (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда кылмышка тиешелүү башка кызмат адамдарын жана ушул сыяктуу башка фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11541