"Ала-Арча" паркына туристтик борбор курулат. Инвестор аянтты көрүп чыкты
2978
"Ала-Арча" улуттук паркына туристтик тейлөө борбору курулат. Туризм департаментинен кабарлашкандай, борборду куруу боюнча инвестор менен талкуу болду.
Бүгүн, 13-апрелде Туризм департаментинин жана "Ала-Арча" мамлекеттик паркынын жетекчилиги тарабынан туристтик тейлөө борборун сала турган инвесторго жер аянтчалары көрсөтүлдү.
slide 2 of 7
Мерчемделген туристтик тейлөө борбору кафетерий, намазкана, заманбап даараткана, туристтер үчүн маалыматтык борбор жана сувенирлерди туристтерге сунуштоо жайы сыяктуу компоненттерди камтыйт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/11576