Садыр Жапаровдун атынан Ысык-Көл облусунун тургундары үчүн атайын ооз ачар өткөрүлдү
RU

Садыр Жапаровдун атынан Ысык-Көл облусунун тургундары үчүн атайын ооз ачар өткөрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Каракол, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп аймактарынын тургундарына президенттин атынан ооз ачар уюштурулду. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Мамлекет башчынын атынан министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов сөз сүйлөштү.

Келген конокторду Орозо айы менен куттуктап, жакшы каалоо-тилектерин айтышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11582