Ошто 14 жаштар өспүрүм баланы издеп жатышат. Кар көчкүнүн алдында калды деп божомолдонууда
Ош облусунун Алай районундагы Белекбаев айылынан алыс эмес жерден 14 жашар баланы издеп жатышат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Э уулу Б. 2-апрель күнү малды жайытка чыгарып кеткен бойдон дайынсыз жоголуп кеткен. Болжол менен ал кар көчкүнүн алдында калды.
4-апрелден тартып Алай районунун №68 өрт өчүрүүчү бөлүгүнөн 10 куткаруучу, ӨКМдин республикалык куткаруу бөлүгүнөн 20 куткаруучу, 10 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундар издөө иштерине тартылган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/1158