Швейцариялык эксперт "Россия кыйраса" Борбор Азиянын тагдыры кандай болоорун айтты
RU

Швейцариялык эксперт "Россия кыйраса" Борбор Азиянын тагдыры кандай болоорун айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украина менен болгон согушта жеңилүү Россиянын чачырашына алып келиши мүмкүн экенин батыш эксперттери чындап эле айтып келишет. Бул тууралуу Цюрихтеги Швейцария Федералдык Технология институтунун Коопсуздукту изилдөө борборунун Глобалдык коопсуздук аналитикалык тобунун жетекчиси, доктор Брайан Карлсон бир күн мурун айткан.

Ал мындай сценарийдин болушу күмөн экенин, бирок ошентсе да экстремалдык деп эсептелгенин белгиледи.

"Менин оюмча, бул мүмкүн эмес. Бирок бул боло турган болсо бүткүл Евразияга олуттуу таасирин тийгизет. Баарынан мурда Борбор Азия өлкөлөрүнө таасирин тийгизет, анткени, Россиянын кандайдыр бир коопсуздук маселелеринде орду өзгөрөт", - деди эксперт.

Анын пикиринде, мындай учурда Борбор Азияда боштук пайда болот, аны Кытай өзүнүн катышуусу менен толтурууга аракет кылат.

"Менин оюмча, эгер, Россия утулуп калгандан улам алсыраса, АКШ муну чоң тобокелчилик деп эсептейт. Анткени, Кытай аймактагы позициясын кыйла бекемдейт. Бул, албетте, АКШ үчүн да чакырык. Россиянын алсырашы - Борбор Азиядагы позиция дагы АКШга Кытай сыяктуу эле аймакта олуттуу роль ойноого мүмкүндүк берет", - деди Карлсон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11599