Ырчылыктан саясатка кадам. Леди Гага Ак үйдүн маданият комитетинин тең төрайымы болду
RU

Ырчылыктан саясатка кадам. Леди Гага Ак үйдүн маданият комитетинин тең төрайымы болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Атактуу ырчы жана актриса Леди Гага АКШнын президенти Жо Байдендин маданият жана искусство боюнча комитетинин тең төрайымы болуп дайындалды. Бул тууралуу АКШ лидеринин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылат деп жазды ТАСС.

Ошондой эле Жо Байден продюсер Брюс Коэнди ​​дагы тең төрага кылып дайындаганы айтылат маалыматта.

Документте Леди Гага (чыныгы аты Стефани Джоан Анжелина Германотта) 13 Грэмми сыйлыгынын ээси жана тарыхтагы коммерциялык жактан эң ийгиликтүү аткаруучулардын бири экени баса белгиленет. Буга чейин Time журналы аны дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 адамдын катарына кошкон. Белгиленгендей, ырчы кайрымдуулук иштерине жана айрым коомдук акцияларга активдүү катышып келет.

Леди Гага шайлоо алдында Байденди колдоо өнөктүгүнө активдүү катышкан. 2021-жылдын январында ал Байдендин инаугурация аземинде АКШнын гимнин аткарган.

Президенттин маданият жана искусство боюнча комитети 1982-жылы түзүлүп, президентке жана өкмөт өкүлдөрүнө маданий саясат маселелери боюнча кеңеш берет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11604