Киши айдоочуга бычак менен кол салып, аны "ичимдеги шайтан жасап жатат" деп түшүндүргөн
RU

Киши айдоочуга бычак менен кол салып, аны "ичимдеги шайтан жасап жатат" деп түшүндүргөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын тургуну Наталья Любимова Kaktus.media сайтына кайрылып, Свердлов РИИБдин кызматкерлерине карата арызданды. Айтымында, анын уулуна кол салган белгисиз адамга чара көрүлбөй жатканын билдирди.

Ушул жылдын 15-мартында анын 20 жаштагы баласы Роман Чүй проспектиси менен чыгыш тарапты көздөй бара жаткан. Бишкектин ЖЭБине жетпей белгисиз адам анын унаасын өзүнүн машинасы менен кыса баштаган.

"Роман токтоп, эмне болгонун билүү үчүн сыртка чыгары менен колуна бычак кармаган адам ага кол салып, мойнуна такаган. Бирок Роман өзүн коргоп, бычак колуна тийген. Ошондон кийин ал киши дайынсыз жоголгон", - деди Любимова.

Анын уулу жана окуяга күбө болгондор "Тез жардам" жана милиция кызматкерлерин чакырышкан. Роман машинаны ордуна калтырып кеткен.

"Ооруканада баламдын колу тигилип, Свердлов РИИБине барып, арыз жазып, бир сааттай убакыт өткөндөн кийин шектүүнү ошол жакка алып кетишкен", - деди ал.

Ал уулу тергөөчүгө дайыма телефон чалганын, бирок ал эч нерсе айтпаганын баса белгиледи.

"Милиция тапкан бычак өткөн жумада гана экспертизага жөнөтүлгөн, уулума карата жасалган экспертизаны беришпейт, Свердлов РИИБдин тергөөчүсү бизди тоготпой жатат. Бир айдан кийин шектүү соттун чечими менен үй камагына бошотулду. Романды өлтүрүүгө аракет кылды. Ал эми эртең бирөөнү өлтүрүп, кайра аны "ичинде шайтан бар" деп түшүндүрсө, эмне болот?", - деп нааразы болду Любимова.

Ал кошумчалагандай, прокуратурага арыз жазылган, бирок алар жооп беришкен эмес.

Маалым болгондой, бул факты боюнча "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Жабырлануучулар президент Садыр Жапаров менен ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылып, кылмышкер жазасын алсын дешет. Ал эми милиция кызматкерлерин шалаакылык үчүн жоопко тартууну суранышууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11613