Тоңдун тургуну чындыкты айтам деп сегиз жолу соттолуп, эки жолу жиндиканага жатып чыккан
RU

Тоңдун тургуну чындыкты айтам деп сегиз жолу соттолуп, эки жолу жиндиканага жатып чыккан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Горький сейил багындагы нааразычылык акцияга Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылынын тургуну Тынчыбек Жайыков да катышты.

Ал президентке, УКМКнын төрагасына жазган каттары жетпей жатканын айтты.

Чындыкты бетине айтсам, буйрук берип 8 жолу соттотуп жиберди

Тынчыбек Жайыков Тоң районундагы Бөкөнбаев айылындагы Ленин колхозунун мурунку башкармасы Замир Мукашев айыл-чарбага берилген жерлерди менчиктеп, коттедж салдырып жатканын айтты.

Ал мамлекеттик мүлктөрдү, ошол колхоздогу малды дагы алып, "сен мамлекеттикин алып жатасың" дегендерди соттотуп жатканын билдирди.

"Ленин колхозунун башкармасы болуп жүргөн Замир Мукашев менен кармашып, чындыкка жетпей жүрөм. Биздин айылда Ленин колхозунун мал-мүлкүн жеп, көлдүн жээгинде Баетовдун сагынам деген ырын ырдап жүрөт. Мен анын буюртмасы боюнча кайра-кайра, сегиз жолу кесилип, эки жолу Чымкоргонго жатып чыктым. Ошол сатылып турган жерлерин, салып алган үйлөрүн, суу баскан, айыл-чарбасына керектүү жердин барына коттедждерди салдырып жатат. Азыр деле айтып жатышпайбы, айыл-чарба жерлерди басып алып, ким тартипти бузса, кайрылгыла деп. Мен көп жылдан бери кайрылып, чындыкка жетпей жүрөм!", - деди ал.

Ал президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кат менен кайрылып, комиссия түзүүнү өтүндү. Комиссия келсе, Замир Мукашев мыйзамсыз алып алган жерлерди, имараттарды көргөзүп берүүгө даярдыгын билдирди.

"Мен президентке, Ташиевге, кыргыз элиме кайрылат элем. Мени кабыл алып, комиссия түзүлсө, сатылган жердин барын көргөзүп берем. Ушуга жардам берсеңиздер", - деп кошумчалады көлдүн тургуну.

Соттор ким таза, ким коррпуционер, ким жинди, ким соо экенин айырмалабайт.

Тынчыбек Жайыков чыркыраган чындыкты айтып, сотторго кайрылганда, алар Чымкоргонго жибергенин кошумчалады. Ал элдин байлыгын, ырыскысын жемкорлор алып, сот ошол жемкорлордун сөзүн сүйлөп жатканын белгиледи.

"Бизде мектептерди сатты. Сыртта Арчалы деген мектебибиз бар эле. Ал интернат болчу. Мектеп өрттөнүп кетти деп, мектепке ээлик кылып, сатып жиберген. Эмне, өрттөнсө кирпичине чейин күйүп кетиши керекпи? Ушундай заманда жашап атабыз да. Анан бизде бийлик алмашканы менен баягыдай эле болуп атат. Жогорку жетекчиликке жазган, президентке, Ташиевге жазган каттарым каралбай "дубликат" деп келип атат", - дейт ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11652