Өзү асынып алды деген келиндин жакындары окуянын чоо-жайын айтып, шектүү эркин жүрөт дешет
RU

Өзү асынып алды деген келиндин жакындары окуянын чоо-жайын айтып, шектүү эркин жүрөт дешет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 30 жаштагы келиндин жансыз денеси өзү жашаган үйдө асынган абалда табылган. Окуя 2023-жылдын февраль айында Алтын-Ордо конушунда болгон. Бүгүнкү күндө анын өлүмү боюнча иш тергелбей, шектүү эркиндикте жүрөт дешет жабырлануучу тарап.

Kaktus.kg редакциясына маркумдун атасы менен эжеси кайрылып, окуя тууралуу айтып беришти.

Жыргалбек Абдыкадыров кызынын өлүмүн телефондон угузушканын айтат.

"10-февралда телефон чалышып "кызыңыз каза болуп калды" дешти. Кызым үй-бүлөсү менен бизден өйдөрөөк жашачу. Чуркап барсам жаткырып коюшуптур, бетин ачып карасам бети-башы көгала экен. Милициялар жүрүшүптүр, күйөө балам жанында турган. Сурасам муунуп өлүп калды дешти. Биз ишенбейбиз. Себеби мойнундагы из башкача түшкөн. Мыкаачылык менен өлтүрүп койгон. Күйөө бала эле кылыптыр. Бирок моюнга албай, мынчалык сабаган эмесмин, тийген эмесмин, келсем өзү асынып алыптыр деп танып жатат. Ошол күнү кызым менен күйөө балам урушкан экен. Улуу баласынын айтымында, чыны менен бетке чапкан Бшкасын айткан жок", - дейт ата.

Ал эми эжеси Айгүл Абдыкадырова сиңдисин эскерип, каргаша кызганычтан улам келип чыккан дейт.

"Жазгүл (каза болгон келин) оор басырыктуу, анча-мынчаны айта берчү эмес. Бир жолу жолдошу менен урушуп жатканын, ажырашуу тууралуу ой болгонун жээнине айтыптыр. Биз аны каза болгондон киийин билдик, көп нерсесин жашырчу окшойт. Негизи күйөө бала аябай кызганчаак. Төркүнүнө келип, апасын (1-топтогу инсульт) жуунтуп кеткенче тынчын алып "кайда жүрөсүң, качан келесиң?" дей берчү. Сиңдим кир жуучу жай иштетип, Тиктоктон жарнама кылчу экен. Уруш ошондон чыккан имиш. Күйөө бала "сен Тиктокто эле отурасың" деп кызганыптыр. Өзүнүн айтымында, соцтармакта отурганына жини келип сыртка чыгып, сыра ичип келсе асынып калган имиш. "Эшикти катуу тартып жиберсем маңдайыма асынып туруптур" дейт. Биздин ишенбей жатканыбыздын себеби, күйөө бала "келсем эле асынып алыптыр, коркуп кетип жипти кесип жиберсем бети менен түштү" дегени болуп жатат. Муунуп алган адам бети менен полго түшсө кантип бети-башы көгала болот, канжалайт? Колдору да көгала болуп жатат. Кызыбыздын моюну кыйылып кеткен", - дейт Абдыкадырова.

Соттук-медициналык экспертиза келин каза болгонго чейин көгала болгон деген корутунда чыгарган.

"Жазгүлдү өлтүрүп койгон. Болгону моюнга албай жатат. Булар тааныштарын салып, ишти тергөөгө жеткирбей жатат окшойт. Себеби бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жылыш жок. Күйөө бала эркин эле жүрөт. Биз чындык издеп чырылдап жүрсөк, тиги тарап "булар батирде жашайт, эптеп эле акча же үй алууну көздөп, чуркап жүрүшөт" деп күйгүзүп жатышат. Бизге эч нерсеси кереги жок, күнөөлүү адам тиешелүү жазасын алсын", - деп кошумчалады Айгүл айым.

Маркум менен жолдошунун ортосунда 3 бала бар. Учурда балдар атасынын колунда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11698