"Ак-Жол" өткөрмө пунктунан 84 килограмм алтын алып бара жаткан унаа кармалды
RU

"Ак-Жол" өткөрмө пунктунан 84 килограмм алтын алып бара жаткан унаа кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү бекетинен 84 килограмм алтын алып бара жаткан унаа кармалды. УКМКдан маалымдашкандай, алтындын баасы 300 миллион сомдон ашат.

УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан 17-апрелде "Ак-Жол" өткөрмө бекетинен JAC үлгүсүндөгү автоунаа 84 кг жакын алтын менен кармалды. Анда ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүгө жана Кыргыз Республикасынын салык органдарында каттоодон өтүүгө тиешелүү болгон документтери жок болгон. Товар Чүй облусунун аймагындагы ири алтын казуучу компаниялардын бирине жеткирилмек.

Учурда тергөө иш-чараларынын алкагында Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын адистерин тартуу менен республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11703