"Унаа" мекемеси эс алуу күндөрү кандай тартипте иштейт? Иш графиги
RU

"Унаа" мекемеси эс алуу күндөрү кандай тартипте иштейт? Иш графиги

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Унаа" мамлекеттик мекемеси эртең, 21-апрелде Орозо айт майрамына карата бардык бөлүмдөрү жана секторлору иштебей турганын маалымдайт.

Ал эми 22-23-апрелде саат 08:30дан 17:30га чейин унааларды каттоо боюнча төмөнкү бөлүмдөр иштейт:

  • Бишкек шаары Ч.Валиханов көчөсү, 2 дарегинде жайгашкан, Бишкек шаардык бөлүм;
  • Бишкек шаары Б. Алыкулов көчөсү, 3/10 дарегинде жайгашкан, Батыш бөлүмү;
  • "РИОМ-Авто" автобазарында жайгашкан Регион аралык бөлүм;
  • Ош шаары Навои көчөсүндө жайгашкан Ош региондук бөлүм;
  • Ош шаары, Көкүм-Бий көчөсү, 168 дарегинде жайгашкан, Ош-2 сектору,
  • Жалал-Абад шаары Шопоков көчөсү, 32 дарегинде жайгашкан, Жалал-Абад региондук бөлүм.

"Унаа" мамлекеттик ишканасынан айдоочулук курамды сынактан өткөрүү убактысы 24-апрелге жылдырылганын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11730