Call-борбор: Жол чырак жок. Жумабек-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы көп
RU

Call-борбор: Жол чырак жок. Жумабек-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы көп

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын тургуну Kaktus.media`нын Call-борборуна кайрылды. Ал Жумабек жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишине жол чырак жок болгондуктан, бул жерде унаалар тынымсыз сүзүшүп, эки күндүн биринде жол кырсыгы катталат.

"Мен Үмөталиев көчөсү менен кесилишкен Жумабек көчөсүндө жашайм. Бул кесилиште дээрлик эки күндө бир жолу кырсыктар болуп турат. Бул жол белгилеринин жана светофордун жоктугунан болуп жатат. Жол чырак орнотуп бергилечи, жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулардын коопсуздугу үчүн", - дейт ал.

Окурман бир күн айырма менен болгон кесилиштеги жол кырсыктардын сүрөттөрүн да жөнөткөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11739