"Алтын казынада" кызды зодуктагандар жазасын алыша элек. Атасы өзүн өрттөйм деп жатат
RU

"Алтын казынада" кызды зодуктагандар жазасын алыша элек. Атасы өзүн өрттөйм деп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өткөн жылдын август айында "Алтын казына" ресторанында 17 жашар кызды зордуктагандар жоопко тартыла элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Жакышов билдирди.

Анын айтымында, соттук кароо өтпөй эле.

"Ата-энеси арызданып жатышат. Сот жүрбөй, эч ким жоопко тартыла элек экен. Акыйкат чечим чыкпаса, атасы өзүн өрттөйм деп жатат. Азыр Рамазан айы болгону үчүн гана карманып турат", - деди эл өкүлү.

Эскерте кетсек, "Алтын казына" ресторанын мейманкасында 7-апрель күнү 17 жашар кыз зордукталган. Кылмышка шектелип, ресторандын эки официантты кармалган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11744