"Альянс Алтын" Таластын экологиясына кандай кам көрүп жатат? 2023-жылдын март айына отчёт
RU

"Альянс Алтын" Таластын экологиясына кандай кам көрүп жатат? 2023-жылдын март айына отчёт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Альянс Алтын" Талас облусунда жер үстүндөгү суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана жапайы жаныбарлардын жашоосун сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Суу ресурстары

Талас алтын кен комбинатынын өндүрүштүк муктаждыктарына сууну сарамжалдуу пайдалануу боюнча аракеттер көрүлүүдө. 2023-жылдын 30-мартында "Альянс Алтын" компаниясы "Чүй экологиялык лабораториясы" жоопкерчилиги чектелген коом менен бирге Жерүй жана Чоң-Чычкан дарыяларындагы суунун, Талас алтын кен комбинатынын санитардык-коргоо аймактарынан атмосфералык абанын пландуу үлгүлөрүн алуу иштерин жүргүзүштү.

Талас алтын кен комбинатынын (ТАКК) өндүрүштүк муктаждыктары үчүн суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууда жер үстүндөгү булактардан суу алуунун эсебин жүргүзүүгө көзөмөл жүргүзүлдү. 2023-жылдын 30-мартында "Альянс Алтын" компаниясы "Чүй экологиялык лабораториясы" ЖЧКсы менен биргеликте Жерүй жана Чоң-Чычкан дарыяларындагы суунун жана ТАККнын санитардык-коргоо зоналарынын чек араларында атмосфералык абанын пландуу үлгүлөрүн алуу иштерин жүргүзүштү.

Буга чейин 16-29-март күндөрү Таластагы алтын кен комбинатына Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас облустук башкармалыгынын өкүлдөрү барышкан. Иш сапардын жүрүшүндө ачык жол менен казып алуу участкасындагы өндүрүштүн жүрүшү жана жер үстүндөгү суулардын абалы менен таанышты. Экологиялык коопсуздук боюнча сунуштарын айтып, жергиликтүү калк менен жолугушуу өткөрүп, дарыялардын булганышы табигый көрүнүш экенин түшүндүрүштү.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында "Альянс Алтын" Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас облустук башкармалыгы менен 2 млн 486 миң сомго жыйноо көлөмүн макулдашкан. Ал мамлекеттик бюджетке багытталган. 4230 АЭ лицензиясына №4 лицензиялык келишимге ылайык рекультивациялык эсеп 795 миң сомго толтурулган.

Жапайы жаныбарларды куткаруу

  • 2023-жылдын 6-мартында ачык тоо-кен кызматкерлери карьерде иштеп жатып, жапайы өрдөктү табышты. Канаттууларды контролдоо-инспектордук кызматтын жетекчиси А.Өмүралиев менен биргеликте кабыл алуу-өткөрүү боюнча комиссиялык акт түзүлүп, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
  • Ушул жылдын жылдын 17-мартында Талас облустук мергенчилер жана балыкчылар коому келишимдик милдеттенмелердин алкагында Туз-Ашуу капчыгайынын үстүндөгү Чоң-Чычкан капчыгайынын жайылма токоюна 5 баш Жети-Суу кыргоолун коё берген. Акт Талас облустук мергенчилер жана балыкчылар коомунун төрагасы А.Мазер менен түзүлгөн.
  • 2023-жылдын 22-мартында Талас алтын кен комбинатында профилактикалык иштерди жүргүзүү уйкуда жаткан суурлардын тобу табылган. Алардын коопсуздугун камсыздоо үчүн үч кемирүүчү Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас облустук башкармалыгына өткөрүлдү. Ишкананын экологдору Жаратылыш ресурстары жана экология министрлигинин облустук башкармалыгынын экологу С.Жунусов менен биргеликте эртеси күнү өткөрүп берүү актысы түзүшкөн. Табылган суурлар комиссиялык акт түзүлгөндөн кийин Туз-Ашуу капчыгайына коё берилген.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11750