Туристтик поезд Европадан саякатчыларды Бишкекке алып келди. Алар кантип тосуп алышты?
RU

Туристтик поезд Европадан саякатчыларды Бишкекке алып келди. Алар кантип тосуп алышты?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 21-апрелде Бишкекке Европадан келген коноктор менен туристтик поезд келди. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" УК" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

]

Маалыматка ылайык, конокторду Бишкек-2 темир жол станциясынан тосуп алышкан.

"Туристтердин программасы бай – өлкөнүн кооз жерлери менен таанышуу, ошондой эле кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурастарынын объектилерине баруу, Кыргызстандын бермети – Ысык-Көлгө саякат", - деп айтылат маалыматта.

Европадан келген 60 турист Кыргызстанда эки күнгө жакын болуп, андан соң Казакстанга барышат, деп билдирди компания.

Маалым болгондой, иш-чара салтка айланып баратат: ушул эле туристтик поезд Кыргызстанга 2022-жылдын сентябрь айында келген.

2022-жылдын август айында "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасына "Lernidee Erlebnis Reisen" туристтик компаниясынын өкүлдөрү Европадан келген коноктор үчүн Кыргызстанга туристтик турга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11759