Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 2008-жылдагы көрсөткүчкө жакындады
RU

Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 2008-жылдагы көрсөткүчкө жакындады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөбүздө энергетикалык кризис болушу мүмкүнбү? Суу сактагычындагы суунун деңгээлине көзөмөл салып тургандар, Кыргызстандын калкы "веердик өчүрүү" деген эмне экенин кайра эстейт окшойт, деп божомолдоп жатышат.

Веердик өчүрүүлөрдүн тарыхы

Веердик өчүрүүлөр 2004-жылы Акаевдин тушунда эле башталган. Анда президент бул процессти "энергосектордогу тартипти сактоонун популярдуу эмес ыкмасы" деп абдан маданияттуу атаган эле. Ошол кезде Бишкекте бир нече саатка жарык өчүрүлсө, региондогулар жумалап электр энергиясы жок тиричилигин өткөрүшчү. Бирок, Токтогул суу сактагычында 14 млрд куб бар болчу. Эмне себептен элди жөнү жок кыйнашкан, түшүнүксүз.

2008-жылы бийлик кайрадан үнөмдөө керектигин эскерткен. Расмий түшүндүрмө мындай болчу: "2007-2008-жылдары аномалдык суук болгондуктан электр энергиясын колдонуу жогорулаган, Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли кескин түшүп кеткен".

Жаз башталганда суунун денгээли 7,5 млрд кубометрге жетсе, ошол эле жылдын май айында 6,5 млрд кубометрге түшкөн. Жаан чачын аз болгондуктан суунун топтолушу минималдуу болчу.

Маалымат үчүн: Токтогул суу сактыгычы 19,5 млрд кубометр сууну батыра алат. 5,5 млрд - деген көрсөткүч "мертвая отметка" деп аталат.

2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Кыргызстандын бийлиги веердик өчүрүүлөр болбойт, деп убада берген.

Азыркы кырдаал кандай?

"Электрический станции" мекемеси берген маалыматка ылайык, суу сактагычтагы суунун деңгээли табигый шарттардан гана көз каранды.

Акыркы ирет эң жогорку көрсөткүч 2017-жылы катталган. Ага чейин 2013, 2011, 2010-жылдары суу мол болчу.

2012, 2014-жылдары кургакчылык болуп, өлкөнүн энергетика сектору алсызданган.

2020-жылдын декабрь айында суунун деңгээли 13 млрд кубометрден жогору болчу. Ошол кездеги вице-премьер Равшан Сабиров электр энергиясын колдонуу жогорулагандыктан автоматтык түрдө жарык өчүрүлүшу мүмкүн, деп билдирген.

Орто эсеп менен бир сезондо Токтогул ГЭСи 7 млрд кубометр сууну иштетет.

2021-жылдын 30-мартына карата Токтогул суу сактагычындагы көрсөткүч 8 млрд 742 млн кубометр сууну түзөт.

Энергетика жана өндүрүш министри Кубанычбек Турдубаевдин айтымында, электр энергиясын тынымсыз иштеп чыгаруу үчүн өкмөт бир нече варианттарды карап жатат:

  • Ички керектөөнү кыскартуу.
  • Коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоо.
  • Иштеп чыгарууну жогорулатуу.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1177