Ошто 28 жаштагы машыктыруучунун өлүмү боюнча экспертиза дайындалды
RU

Ошто 28 жаштагы машыктыруучунун өлүмү боюнча экспертиза дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто Асылбек Момунов атындагы футбол академиясынын машыктыруучусу Бактыбек уулу Темирлан мезгилсиз дүйнө салды. Аталган академиядан билдиришкендей, 28 жаштагы футболчунун жүрөгү капысынан сокпой калган.

"Дайыма токтоо, ак ниет, боорукер жана кайрымдуу эле. Ал коллективде да, студенттер арасында да сый-урматка ээ болчу", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Ош ШИИБден экспертиза дайындалганын Kaktus.kg сайтына билдиришти.

"Машыктуруучу 23-апрелде эртең менен иш ордунда каза тапкан. Бул факты боюнча экспертиза дайындалып, жыйынтыгын күтүп жатабыз. Кошумча маалымат берилет", - дешти шаардык милициядан.

Бактыбек уулу Темирландын окуучулары ар дайым турнирлерге катышып, 11 жашка чейинкилер курама командасы бир нече жолу жергиликтүү турнирлерде жеңүүчү болгон.

  • Ташкентте өткөн Facerak Cup эл аралык турниринин коло байге ээлери;
  • "Дордой" ассоциациясынын эл аралык турниринин жеңүүчүлөрү;
  • Алматыда өткөн Arystan Cup эл аралык турниринин катышуучулары.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11804