Москвада кыргызстандык таксист 84 жаштагы кемпирге жарым миллион рубль кайтарып берди
RU

Москвада кыргызстандык таксист 84 жаштагы кемпирге жарым миллион рубль кайтарып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвада 26 жаштагы таксист шылуундардын жемине илинбей, 84 жаштагы пенсионерге акчасын кайтарып берген. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар 84 жаштагы аялдан акча алып келүү үчүн такси чакырышкан. Айдоочу Жеңишбек К., көрсөтүлгөн дарекке келип, ал жерде акча барбы деп сурап, посылканы алып кеткен. 84 жаштагы Светлана М.дан терс жооп алып, көрсөтүлгөн дарекке жөнөгөн.

Бирок таксист жүктү алып баратканда кардар тынымсыз телефон чалып, посылканы тезирээк алып келүүнү талап кылган. Бул айдоочунун шектенүүсүн жаратып, таксист сумканы ачып, ичинен жарым миллион рубль тапкан.

"Акчаны көргөн таксист пенсионерге алып барууну чечкен. Бирок анын батиринин эшигин эч ким ачкан эмес. Жеңишбек аялды күтүүнү чечкен. Бирок анын ордуна милиция кызматкерлери келишкен", - деп билдирди булак.

Күч түзүмдөрү менен бирге таксист ИИМдин бөлүмүнө барып, акчаны милиция кызматкерлерине өткөрүп берген. Көрсө, 84 жаштагы кемпир шылуундардын жемине түшүп калган. Алар пенсионерге телефон чалып, анын тууганы кырсыкка кабылганына ынандырышкан. Алдамчылар улгайган аялдан таксист аркылуу аларга жарым миллион которуп берүүнү суранып, анын ордуна жол кырсыгы үчүн аялды жазалабай турганын убадалашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11831