Чет өлкөгө иштөөгө кетип жаткан кыргызстандыктар үчүн "Мигрантка эскертме" иштелип чыкты
RU

Чет өлкөгө иштөөгө кетип жаткан кыргызстандыктар үчүн "Мигрантка эскертме" иштелип чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тышкы иштер министрлиги USAID, Winrock International жана Прогресс Фондунун колдоосу менен башка өлкөлөргө иштегени кеткен кыргызстандыктар үчүн эскертме иштеп чыкты.

Министрликтин маалыматы боюнча, ага төмөнкү маалыматтар камтылган:

  • эмгек миграциясына кантип даярдануу керек жана өлкөдөн чыгуу алдында бара турган жердин абалы, мыйзамдардын жана каада-салттардын өзгөчөлүктөрү, эмгек мыйзамдары жөнүндө эмнелерди билүү керек;
  • Кыргызстандын жакынкы элчилигинин байланыштарын билүү жана сактоо, дарегиңизди тууган жана досторуңузга билдирүү, паспортуңузду үйдөн тышкары алып жүрүү, бардык документтердин көчүрмөсүн жасап, сактап калуу, ошондой эле тез жардам жана полициянын номерлерин сактоо жана башкалар маанилүү;
  • ички паспорт (ID) менен кайсы өлкөлөргө бара ала тургандыгы жөнүндө маалымат;
  • Россияга кирүүгө тыюу салынган адамдар үчүн кара тизмеден өзүңүздү текшериңиз;
  • Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин жана консулдуктарынын даректери жана байланыш телефондору;
  • Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана чет өлкөлүк ведомстволордун ишеним телефондорунун байланыштары, алар аркылуу тез арада юридикалык жана консулдук жардамга муктаж болгон жарандар оор кырдаалда кайрыла алышат;
  • дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүндө кантип мыйзамдуу түрдө жумуш табуу керектиги жөнүндө;
  • чет өлкөдө коопсуз миграция боюнча көптөгөн башка кеңештер, аларды QR код аркылуу тапса болот.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11858