Жалал-Абадда 39 жаштагы кишинин тизесин сындыра чапкандар кармалды
Жалал-Абадда 39 жаштагы кишинин тизесин тааныштары темир менен уруп, сындырган. Окуя ушул жылдын март айында болгонун Жалал-Абад ОИИБден Kaktus.kg сайтына билдиришти.
Маалым болгондой, Базар-Коргон районунун 39 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал 23-мартка караган түнү саат 02:00 чамасында тааныштары менен пикир келишпестик болгонун, мындан улам алардын бири колундагы темир менен тизесин сындырып койгондугун билдирген.
Арыз ээсине карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, денеге анча оор эмес залал келтирген деген корутунду чыккан.
Бул окуя боюнча топтолгон материалдар 131-берененин (Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Базар-Коргон шаарынын тургундары: 1990-жылы туулган А.И., 1991-жылы туулган К.И. жана 1995-жылы туулган Ж.Б. кармалды. Учурда тергөө иштери уланууда.