Сот 19 жаштагы кызды мыкаачылык менен сабаган деп шектелген жаранды соттон бошотту
RU

Сот 19 жаштагы кызды мыкаачылык менен сабаган деп шектелген жаранды соттон бошотту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте эркек киши 19 жаштагы кызды катуу сабап салган. Судья аны сот залынан бошотту. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, 25-мартта түнкү саат 03:00дөр чамасында "Нирвана" түнкү клубунун жанынан 19 жаштагы С.А. катуу сабалып, ооруканага түшкөн. Бул кылмышка шектүү катары 2004-жылы туулган З.Ш. жана анын сүйлөшкөн кызы М.С. кармалган.

Шектүү 25-апрелде Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кийин ага айып тагылган. Ал эми бүгүн, 27-апрелде Бишкектин Свердлов райондук сотунун тергөө судьясы 19 жаштагы жабырлануучунун тосмо арызына таянып, З.Ш.ны үй камагына чыгарды.

Бирок бул билдирүүнү (тосмо арызды) компетенттүү органдардын бири да көргөн эмес дейт редакциянын булактары.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11881