Нарында 7 жаштагы окуучу кыздын сөөгү кароосуз үйдөн табылган. Шектүү кармалды
RU

Нарында 7 жаштагы окуучу кыздын сөөгү кароосуз үйдөн табылган. Шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарында 7 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүү жаран кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, окуучу мектепке кеткен бойдон кайтып келген эмес. Аны издөөгө айыл тургундары тартылып, жансыз денеси кароосуз калган үйдөн табылган.

Маалым болгондой, 28-апрелде саат 21:00 чамасында Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну милициянын нөөмөт бөлүмүнө кайрылган. Ал 2016-жылы туулган Ж.А.Ж. аттуу кызы мектепке кетип, кайра кайтып келбегенин айткан. Маалыматтын негизинде тергөө иштери башталган.

Такталгандай, Ж.А.Ж. Нарын районунун Орто-Нура айылынын чыгыш тарабында жайгашкан сарайдагы үйүнөн айылдагы орто мектепке жөө барып, келип окуп жүргөн. 28-апрелде саат 12:00 чамасында мектепке өзү жалгыз кетип, саат 15:30да сабактан чыккан. Бирок үйүнө келген эмес. Апасы милицияга кабар берип, аталган айылдын тургундарынын WhatsApp группасына кызы жок болуп жаткандыгы тууралуу жазган.

Айыл эли издөө иштерин уюштуруп, натыйжада болжол менен саат 22:10 чамасында кыздын жансыз денесин Орто-Нура айылында кароосуз калган үйдөн табышкан. Кыздын жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүүдө күч колдонулган белгилер аныкталган.

Кылмышка шектүү катары Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну - 1959-жылы туулган Ш.Х. мас абалында кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайда.

Аталган факты 122-берене (Адам өлтүрүү) фактысы менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Бул факты ИИМдин жана Нарын ОИИБдин жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11921