Бажы кызматынын төрагасынын орун басары: Бажы кызматында коррупция жок, деди
RU

Бажы кызматынын төрагасынын орун басары: Бажы кызматында коррупция жок, деди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Акыл Кемелов МБКда коррупция барбы? - деп кызыгып сурады. Ал бул суроосун бүгүн, 6-апрелде, Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Карашевге берди.

"Коррупция жок, бирок адамдык факторду да эске алыш керек", - деп МБКнын төрагасынын орун басары жооп кайтарды.

"Коррупция бар экенин бардыгы билет. Буга чейин деле коррупция жок, факты жок, деп айтышкан. Ошого карабастан мурда бажы кызматында иштеп кеткендер күнөөсүн мойнуна алып, азыр бюджетке акчасын төгүп жатышат. Кытай чек арасындагы абал коррупцияга байланышкан эмеспи? Кытай Эл республикасынан келген жүктөрдүн агымы 10 эсе төмөндөптүр. Алар бизге бир нече жолу кайрылып, оңдой турган жерлерди көрсөтүштү", - деп депутат айтты.

Карашев Кемеловдун пикирине кошула албай тургандыгын билдирди.

Эске салсак, бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов (учурда Райымбек Ысмайылов) КРдин Жазык кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча камакта отурат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1192