Өмүрбек Бабановдон түшкөн 100 млн Минфинге которулду. Эмнеге сарптала турганын чечиле элек
RU

Өмүрбек Бабановдон түшкөн 100 млн Минфинге которулду. Эмнеге сарптала турганын чечиле элек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экономика жана финансы министрлигинин депозиттик эсебине Өмүрбек Бабановдон 100 млн сом которулду. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады.

Каражат 29-мартта, физикалык жактан өз ыктыяры менен кайрымдуулук катары которулган. Азырынча, каражат кайсы жака багытталары белгисиз. Өкмөт акчалай каражаттын максаттуу колдонулушун дайындашы керек, андан кийин Финансы министрлиги аны бөлүп берет. Ага чейин ал депозиттик эсепте болуп турат.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов ЭККМК жана УКМК козгогон бир нече кылмыш иштеринде айыпталуучу катары фигурант болчу. Кийин иштердин бардыгы УКМКга өткөрүлүп берилген. УКМК Бабановго карата козголгон кылмыш иштердин бардыгын токтотуп, ал эми Бабанов өз кезегинде бюджетке 100 миллион сом которууну милдеттенген болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1193