Ошто, Жалал-Абадда жаңы аэропорттор курулат. Эски майдандын ордуна кичи райондор курулат
RU

Ошто, Жалал-Абадда жаңы аэропорттор курулат. Эски майдандын ордуна кичи райондор курулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Ош жана Жалал-Абад шаарларында жаңы аэропортторду куруу долбоорлору менен таанышты. Өлкө башчы бүгүн, 1-майда аэропорттор курула турган жер тилкелерин көрүп чыкты.

Президенттин администрациясынан белгилешкендей, аэропорттор бардык эл аралык стандарттарга жана коопсуздук талаптарына жооп берет жана жаңы тилкелерде курулат.

Садыр Жапаров Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы эски аэропорттордун аянттарын комплекстүү пайдаланып, заманбап турак жай кичи райондор куруларын белгиледи.

Иштеп жаткан "Ош" эл аралык аэропортунун аймагынын жалпы аянты 168 га, ал эми "Жалал-Абад" эл аралык аэропортунун аймагынын жалпы аянты 78,2 га түзөт.

Бул аймактарда курулган көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлер жарандарга "Мамлекеттик ипотекалык компания" аркылуу жеңилдетилген ипотека менен берилет.

Өлкө башчы эл аралык жарандык авиациянын бардык талаптарына жооп бере турган аэропортторду куруу боюнча даярдык иштерин күчөтүүнү тапшырып, бул туризмди өнүктүрүүнүн негизги фактору экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун демилгеси менен аймактардагы аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу жана ички авиакаттамдарды калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11956