"Акылбек Жапаров кантип 900 миң сом тапса болорун айтты" деген билдирүү фейк
RU

"Акылбек Жапаров кантип 900 миң сом тапса болорун айтты" деген билдирүү фейк

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакта "Акылбек Жапаров кантип 900 миң сом киреше тапса болорун айтты" деген билдирүү тарады. Финансы министрлиги мындай маалымат чындыкка дал келбей турганын кабарлайт.

"Акылбек Жапаровдун атын колдонуп, чындыкка дал келбеген маалымат тарап жатат. Анда Финансы министрлиги каржы табуу долбоорун жарыялап, 900 миң сомдон киреше тапса болорун, ал үчүн кайсы бир Телеграм-каналга жазылуу сунушун берип жатышат. Урматтуу интернет колдонуучулар, мамлекеттик кызматтын жетекчилери жана алардын жакындарынын атын пайдаланып, оңой эле киреше табуу сунуштары менен жарыяланган маалыматтар жалган экенин эскертебиз", - дешет министрликтин.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11960