"Тазалаган жер таза эмес, тазалыкты сактаган жер таза". Президент элге кайрылуу жасады
RU

"Тазалаган жер таза эмес, тазалыкты сактаган жер таза". Президент элге кайрылуу жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көлдүн түбүн тазалоо боюнча видео жарыялангандан кийин көлгө аяр мамиле кылуу өтүнүчү менен кыргыз элине кайрылды. Ал өзүнүн Facebook баракчасында кыргызстандыктарды кайдыгер карабоого чакырды.

Президент Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери эки айдан бери көлдү таштандылардан тазалап бүтө албай жатканын жазган.

"Таза болуу өзүбүздөн көз каранды. Эмнеге мынча кайдыгербиз? Баарын өзүбүз булгайбыз, анан бийликтен тазалыкты талап кылабыз. Тазалыкты сактагыла деп суранам, тазалаган жер таза эмес, тазалыкты сактаган таза", - деди мамлекет башчысы.

Жапаров ар бир адам тазалыкты сактоого жана мекендештеринен тазалыкты талап кылууга милдеттүү экенин кошумчалады. Президент Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин эмгегин баалоого чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11995