Өгөй атасы сабаган баланын иши боюнча бир катар кызматкерлерге тартиптик жаза берилди
RU

Өгөй атасы сабаган баланын иши боюнча бир катар кызматкерлерге тартиптик жаза берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өспүрүм баланын өгөй атасы тарабынан сабалышы тууралуу

окуяга байланыштуу бир катар кызматкерлерге тартиптик жаза берилди. Бул тууралуу Чүй ОИИББы кабарлады.

Ушул жылдын 20-ноябрында интернетке өгөй атасы тарабынан сабалып ооруканага жеткирилген 6 жашар бала тууралуу окуя жарыяланган. Сокулук РИИБсине билдирүү түшкөндөн кийин деле 5-6 саатка чейин күтүшсо да эч кандай реакция болгон эмес.

Бул иш боюнча Башкы прокуратура жана Чүй облусунун ИИББсы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн.

Кызматтык иликтөө учурунда Сокулук районунун ИИБнин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкери, нөөмөт бөлүмүнүн ага нөөмөткер тескөөчүсү милцииянын капитаны Д.Т.га "сөгүш" тартиптик жазасы жарыяланган жана анын жардамчысы милициянын ага сержанты Н.Н. кызмат учурунда кетирген кемчиликтери үчүн "эскертүү" берилген, ал эми Сокулук РИИБдүн Новопавловка аймактык милциия бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө инспектору милициянын майору К.К. маалымат боюнча чыгып өз убагында, коргоо ордерин бербегендиги үчүн ага да "эскертүү" тартиптик жазасы

жарыяланган.

Өспүрүм балага боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусу даяр болгон соң, толук кандуу юридикалык чечим кабыл алынат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/119