Кыргызстан Түркиядагы көчмөндөр оюнун көк-бөрүнүн эрежелери менен өтүүсүн талап кылууда
RU

Кыргызстан Түркиядагы көчмөндөр оюнун көк-бөрүнүн эрежелери менен өтүүсүн талап кылууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгилей кетсек, жакында Түркияда, Кыргызстандын делегациясы менен Түркиядагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун уюштуруу комитетинин жолугушуусу өттү.

Мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канат Арпачиевдин айтымында, 10-декабрга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда өтө турган спорттун түрлөрү аныкталышы керек.

"Биз көк-бөрү оюну буга чейин өткөн мелдештин эрежелери менен өтүүсүнө басым кылып жатабыз. Анын үстүнө, биздин мамлекеттик агенттик менен Түркиянын жаштар жана спорт агенттиги экөөнүн ортосунда көк-бөрү оюнун кыргыз эрежелери боюнча өткөрүү меморандуму бар. Тагыраак айтканда, тай казандары менен" - деди ал.

Эске салсак, IV Көчмөндөр оюнун өткөрүү эстафетасы түрк тарапка берилген. Ал 2020-жылы өтүш керек болчу. Бирок COVID-19 пандемиясына байланыштуу IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 2021-жылга жылдырылган.

Мелдештин көкпар эрежелери менен өтүүсү, анын ичинде тай казандардын алынып салышы (улак таштала турган болжолдуу дарбаза) ушул жылдын башында белгилүү болду. Бул чечим Этноспорттун III эл аралык форумунун алкагында өткөн Көк-бөрү эл аралык федерациясынын жыйынында кабыл алынган.

Автор:

Гулиза Авазова

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11