Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингде 50 сапка төмөндөдү
RU

Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингде 50 сапка төмөндөдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

3-майда "Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму дүйнөдөгү маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча жылдык рейтингин жарыялады. Тизмеге 180 өлкө кирген. Кыргызстан бул рейтингде 122-орунга чыкты. Өткөн жылы Кыргыз Республикасы 72-орунда болсо, 2021-жылы биздин өлкө рейтингде 79-орунда болгон. Ошентип Кыргызстан бир жыл ичинде 50 позицияга төмөндөдү.

Билдирүүдө Кыргызстан туруксуз экономикага жана "расмий органдардагы коррупцияга" карабастан салыштырмалуу басма сөз эркиндигине ээ болгон Борбор Азиядагы өлкө экени айтылат.

"Чек арасыз кабарчылар" уюму өкмөт мурдагыдай эле бардык салттуу маалымат каражаттарын көзөмөлдөп, өз таасирин жеке маалымат каражаттарына да жайылтууга аракет кылып жатканын билдирген.

Бирок белгилүү бир деңгээлде плюрализм бар, муну 24.kg, Kaktus.media жана Kloop.kg өңдүү маалымат сайттарынын популярдуулугу, ошондой эле иликтөө жана дата журналистикасынын өсүшү далилдеп турат.

Акыркы жылдары медиа тармагы кеңейип, телекомпаниялар 50дөн ашты. Радио жана телевидение өлкөдөгү жаңылыктардын негизги булагы болуп саналат.

Кыргызстанда саясий чөйрө абдан туруксуз жана ар тараптуу. 1991-жылы эгемендүүлүк алгандан бери өлкө үч революцияны башынан өткөрдү. Айрым маалымат каражаттарын саясий лидерлер өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн колдонушат. Мамлекеттик мекемелер журналисттердин маалыматка жетүүсүн чектейт.

"Чек арасыз кабарчылар" уюму акыркы жылдары чиновниктер цензураны күчөтүп, басма сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды чыгарууга аракет кылып жатышканын эске салат. Президент Садыр Жапаров 2021-жылы Конституцияны, ошондой эле эл аралык келишимдерди бузган жана басма сөз эркиндигин чектеген жалган маалыматтын жайылышын чектөө боюнча мыйзамга кол койгон.

Бийликти колдогон басылмаларга массалык түрдө расмий колдоо көрсөтүү маалымат каражаттарынын ортосундагы атаандаштыкты бурмалайт. Мындан тышкары аткаминерлер чет өлкөдөн каржылык колдоо алган көз карандысыз маалымат каражаттарын "чет элдик агент" деп таануу боюнча мыйзам долбоорун киргизебиз деп коркутууда.

Ошол эле учурда өлкөдөгү коррупциянын жогорку деңгээли коомчулукта журналисттик иликтөөнүн жактыруусуна себеп болууда. Бирок журналисттер тараткан сын-пикирге, демократиялык идеяларга кошулбагандар бар.

Көз карандысыз ММКлар бийликти сындады, каралады деп дайыма айыпталат. Кээде алар коррупция тууралуу макалаларды жарыялагандан кийин киберчабуулдарга туш болушат. Иликтөөчү журналисттер, митингдер менен демонстрациялардагы кабарчылар сыяктуу эле зордук-зомбулуктун курмандыгы болуп саналат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12009