Кыргызстанда аз камсыз болгон 120 миң үй-бүлөгө 10 литрден өсүмдүк майы таратылат
RU

Кыргызстанда аз камсыз болгон 120 миң үй-бүлөгө 10 литрден өсүмдүк майы таратылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинети аз камсыз болгон 120 миң үй-бүлөнүн ар бирине бир жолку жардам катары 10 литрден өсүмдүк майын таратуу чечимин кабыл алды.

Мындай чечим Акылбек Жапаровдун жетекчилиги астында өткөн Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында 3-мартта кабыл алынды.

Жыйындын күн тартибинде мындан башка дагы 9 маселе каралууда.

Министрлер кабинети дагы бир чечим менен Мамлекеттик бажы кызматынын жаңы символикасын бекитти. Бул чечим Түндүк Атлантикалык Келишим Уюмунун (НАТО) желеги менен окшош болгондугунан улам кабыл алынды.

Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 78 жылдыгына карата коргоо министринин маалыматы угулду. Министр 9-майга карата бир катар иш-чаралар, анын ичинде министрлер кабинетинин төрагасынын катышуусунда жыйын-реквием жана салтка айланган "Өлбөс полк" акциясы пландалганын белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12012