Ташиев көк бөрү боюнча республикалык мелдешке 1 млн сом байге койду. Видео
RU

Ташиев көк бөрү боюнча республикалык мелдешке 1 млн сом байге койду. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 9-май - Жеңиш күнүнө карата өтүп жаткан көк бөрү боюнча республикалык мелдешке 1 млн сом байге койду. Ал мелдеш өтүп жаткан Жалал-Абад облусунун "Телтору" ат майданына барды. Анын видеосу менен Өткүрбек Рахманов бөлүштү.

"Урматтуу улакчылар, биздин баатырларыбыз, кыргыздай эл жок дүйнөдө. Элин, жерин сүйгөн, мамлекет үчүн жанын, канын аябаган кыргыздын жигиттериндей мырзалар дүйнөдө жок. Биз силер менен сыймыктанабыз. Өткөрүлүп жаткан оюнга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өздүк курамынын атынан 1 млн сом байге койдук. Биз бөлгөн акчаны татыктуу команда жеңип алсын. Талас Бегалиев калыс бөлүштүрөт деп ишенем", - деди ал.

Белгилей кетсек, Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеш 1-майда башталды. Анда жалпысынан бардык аймактардан келген 35 команда күч сынашууда.

Жогорку лигада 6 команда, Биринчи лигада 12 команда, Экинчи лигада 9 команда жана 40 жаштан жогорку курактагылар арасында 8 команда бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12020