Жанар Акаев: Жүздөгөн генералдар бар өлкөдө чырактай бир кыздын өмүрүн сактай алган жокпуз
RU

Жанар Акаев: Жүздөгөн генералдар бар өлкөдө чырактай бир кыздын өмүрүн сактай алган жокпуз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда жүздөгөн генералдык чиндер таратылып жатат. Бирок алар бир кыздын чырактай өмүрүн сактап кала алышкан жок. Бул сөздөрдү бүгүн, парламент жыйынында депутат Жанар Акаев айтты.

Парламентарийдин айтымында, республикада кылмыштуулук өсүп жатат. "Кыргызстанда жашоо кооптуу болуп калды. Күндө кылмыш, кепкачан, маскачан жигиттер камерадан коркпостон эле кирип келип, уурдап жатышат. Анткени милиция аларды барыбир таппайт. Эгер биз ушундай темп менен кетсек, Кыргызстан бул мыкаачылардын өлкөсү, бул өлкөгө келбегиле, деп жазышат элчиликтер", - деди депутат.

Андан тышкары оңду-солду генералдык чиндерди таратуу практикасын да сынга алды. "Биздин мамлекет кылмыштуулук менен күрөшкөндүн ордуна өкмөт башчы баш болуп чин таратуу менен алек", - дейт Акаев.

"Өлүп калган кыздын сөөгүн чабан таап, милицияга телефон чалып айтыптыр, андан кийин милиция барыптыр. Бул жүздөгөн генералдары бар өлкөдө ушундай болуп жатат. Изделип жаткан кызды чабан телефон чалгандан кийин гана табышты", - деди ал.

Эске салсак, 5-апрелде Бишкекте үч эркек киши 27-жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкен. 7-апрелде анын жана аны ала качкан Замир Теңизбаевдин сөөктөрү Бишкектен алыс эмес Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаадан табылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1207