Бишкек-Нарын жолунда казактар зым тартып жатканы боюнча Чек ара кызматынан расмий жооп
RU

Бишкек-Нарын жолунда казактар зым тартып жатканы боюнча Чек ара кызматынан расмий жооп

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактын колдонуучулары Чүйдөгү айланма жолдо, тагыраагы, "Гаваи" эс алуу жайына жакын жерде казактар жолдун жээгинде зым менен тосуу иштерин аткарып жатканын айтышып, видеолору менен бөлүштү.

Бул боюнча УКМКнын Чек ара кызматынан расмий билдирүү жасашты. Мекеменин маалыматына ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда узундугу 800 метрди түзгөн транзиттик тилке Казакстан Республикасына тиешелүү болгондуктан, коңшу тарап инженердик шлагбаумдарды орнотууда.

Буга чейин транзиттик жолдун аталган тилкесинде казак тарап убактылуу көчмө спираль тосмосун орноткон.

Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн жарандары үчүн Казакстандын "Азия" жана "Достык" май куюучу жайларына каттам жабылды. Ошол эле учурда транзиттик жол ачык бойдон калууда.

2023-жылдын 4-майында кыргыз тарап менен макулдашуудан кийин Казакстан Республикасынын чек арачылары өз аймагына караштуу жолдун ачык тилкелерине инженердик шлагбаумдарды орното башташкан.

Кыргызстандын аймагынан транзиттик жолго кирүү алдында эки тарапка кошумча жол белгилери жана транзиттик жолдо жүрүүнүн эрежелери тууралуу маалымат берүүчү такталар орнотулду. Чек ара кызматы Кыргызстандын жарандарын транзиттик жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоого чакырат, тактап айтканда: токтобой өтүүгө, адамдарды түшүрбөөгө/албоого, жүктү жана башка мүлктү түшүрүүгө/ жүктөөгө.

Транзиттик жолдо жүрүүнүн эрежелери бузулган учурда жарандарга Казакстандын мыйзамдарына ылайык, административдик айып салынат дешет Чек ара кызматынан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12082