Лондондо Карл IIIтүн таажы кийүү салтанаты өтүп, ага Эдил Байсалов катышты
RU

Лондондо Карл IIIтүн таажы кийүү салтанаты өтүп, ага Эдил Байсалов катышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун падышасы Карл IIIтүн такка отуруу иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты. Ал бул салтанатта Кыргызстандын президентинин атайын өкүлү катары конок болду.

Байсалов социалдык тармактагы баракчасына ыйык Эдварддын таажысынын сүрөтүн жарыялады, ал такка отургузууда гана колдонулат.

Таажы 1661-жылы жасалган. Анын негизи чылк алтындан жасалган. Рубин, аметист, сапфир, гранат, топаз жана турмалин менен кооздолгон. Таажынын салмагы - 2 кгдан ашык. Акыркы 360 жылдын ичинде аны алты монарх кийген.

Эске салсак, ишемби күнү Лондондогу Вестминстер аббаттыгында Карл III, ошондой эле ханайым консорт Камилланын такка келүүсүнүн алкагында иш-чаралар өткөн.

Карл III 2022-жылдын 8-сентябрында апасы ханыша Елизавета II каза болгондон кийинки күнү падышалык тизгинди колго алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12084