Назарбаев Акаев менен Бакиевди Кыргызстандан кантип чыгарып кеткенин айтып берди
RU

Назарбаев Акаев менен Бакиевди Кыргызстандан кантип чыгарып кеткенин айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын мурунку президенттери Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди өлкөдөн чыгарып кетүүгө жардам бергени тууралуу айтып берди. Мындай малыматты Tengrinews.kz жарыялады.

"Мен Кыргызстан жөнүндө айтып коюшум керек. Акаев. Мен аны Бишкектен Таразга вертолет менен чыгарып кетүүгө аргасыз болдум. Ал жерде кырдаал өтө курч эле, антени вертолетко ок атуу коркунучу бар болчу. Бирок конфронтация болбош үчүн аны алып чыктым.

Андан кийин ушул эле окуя кайра кайталанды. Ошто тарапташтарын чогултуп алып, бардыгына курал берип, Бишкекке жөнөмөкчү болуп Курманбек Бакиев даярданып жатыптыр. Мен айттым, Курманбек, сен эмне кылып жатасың? Эмнеге? Кан төгүлөт. Сен кайра президент болгуң барбы? Анан ушундан кийин кантип иштегени турасың? Ал кездеги убактылуу президент (Роза Отунбаева) менен байланышсам, ал: "Бир нерсе кылыңыз, Курманбекти тынчтандырыңыз" дейт. Мен Курманбекке чалып айттым: Мен сени Оштон алып кетейин, Андан кийин, бул жака келип алып сүйлөшүүлөрдү жүргүзө бересиң, жанымда болосуң. Араң көндүрдүм", - деп Нурсултан Назарбаев "Штрихи к портрету" документалдык киносунун алкагында "Хабар" телеканалына айтып берди.

Ошол кезде, Вашингтондо, антиядердик маселелер боюнча кеңеш өтүп жаткан экен.

"Биз ошол жерде элек.Россиянын президенти Медведев болчу. Обама бар эле. Үчөөбүз шыбырашып турган сүрөт чыккан. Ошондо Кыргызстан тууралуу сүйлөшүп, ал жерде жарандык согуш башталганы жатат, деп атканбыз. Бакиев куралдуу топ менен Бишкекти көздөй жөнөгөнү жатат. Бир жолун табыш керек, жөн турган болбойт. Мен Бакиевди самолет менен чыгарайын, россиялык "истребителдер" менин учагымды калкалап турсун, дедим. Ал кезде коргоо министри Адильбек Джаксыбаев болчу, ага: "Самолет бер" дедим. Ал аскер тыңчылары аркылуу маселени изилдей баштады. Ошентип Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүн чыгарып кеткенбиз. Антпесек кан төгүлмөк. Ошону унутпа, дедим", - деп Казакстандын биринчи президенти айтып берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/120