Балдар үйүнүн 15 жаштагы тарбиялануучусунун сөөгү курулушу бүтө элек имараттан табылды
RU

Балдар үйүнүн 15 жаштагы тарбиялануучусунун сөөгү курулушу бүтө элек имараттан табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги курулушу бүтө элек көп кабаттуу имараттан 15 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Ал балдар үйүнүн тарбиялануучусу болгонун Kaktus.media сайтына Октябрь РИИБден ырасташты.

Маалыматка караганда, 8-майда саат 09:00 чамасында Бишкек ШИИББдин нөөмөт бөлүмүнө А.Токомбаев көчөсүндөгү курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн имаратынан белгисиз кыздын жансыз денеси табылганы кабарланган.

Маркум 2008-жылы туулган М.А. экени такталып, денесине сырттан кароо учурунда зордук-зомбулуктун белгилери болгон эмес.

Бул факты каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иштери башталды. Өлүмдүн себебин тактоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Белгилүү болгондой, 8-майда Чүйдөгү жетим балдар мектеп-интернатынын социалдык педагогу милицияга арыз менен кайрылган. Ал 15 жаштагы М.А.Х. аттуу тарбиялануучу 6-майда мектептен чыгып кеткен бойдон дайынсыз экенин, аны табышууга көмөк көрсөтүү өтүнүчүн келтирген.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12136