Ошто 31 жаштагы жаран таанышын балта менен чаап өлтүргөнгө шектелүүдө
RU

Ошто 31 жаштагы жаран таанышын балта менен чаап өлтүргөнгө шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында 41 жаштагы тургунду балта менен чаап өлтүргөнгө шектүү кармалды. Шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, маркум менен шектүү спирт ичимдигин ичишкен.

Маалыматка караганда, окуя 6-майда саат 03:00 чамаларында болгон. Анда Бишкектин 31 жаштагы Ш.А. аттуу тургуну Ош шаарында жашаган 41 жаштагы таанышы А.Р`нын үйүнө конокко барган.

Алар бир нече бөтөлкө спирт ичимдигин ичкенден кийин мушташа кетишкен. 31 жаштагы жаран үй ээсин уруп, балта менен чаап өлтүрүп койгон. Шектүү кылмыш болгон качып, унаа тосуу үчүн жолго чыкканда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Учурда Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмү тарабынан "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Ош шаардык соту тарабынан шектүүнү тергөө иштери аяктаганга чейин абакта кармоого чечими чыгарылды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12140