Ноокат районунда 10 жаштагы баланы кокусунан мылтык менен атып алышкан
RU

Ноокат районунда 10 жаштагы баланы кокусунан мылтык менен атып алышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ноокат районунда 10 жаштагы балага кокусунан мылтыктын огу тийген. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, 2-майда Кызыл-Кыя ШИИБине ооруканадан Он-Эки-Бел айылынын 10 жаштагы тургуну октон жаракат алып келингендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө 1-май күнү саат 19:30 чамасында жабыркаган бала көчөдө баратканы аныкталган. Ошол маалда айылдын 42 жаштагы тургуну кокусунан пневматикалык мылтыктан ок чыгарган.

Бул факты боюнча ички иштер органдарына баланын 46 жаштагы чоң энеси ок аткан жаранга чара көрүүнү талап кылып арыз менен кайрылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12155