Мунарбек Сейитбек уулу тажик спортчусун утуп, дүйнө чемпионатында жарым финалга чыкты
RU

Мунарбек Сейитбек уулу тажик спортчусун утуп, дүйнө чемпионатында жарым финалга чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бокс боюнча чемпионатта кыргызстандык Мунарбек Сейитбек уулу Бокс боюнча дүйнө чемпионатында жарым финалына чыкты.

Ал чейрек финалда тажикстандык Асрор Вахидовду жеңди. Кыргызстандык мушкер эми өзбекстандык боксчу менен беттешет.

Мелдеш Өзбекстанда өтүп жатат. Мушкер эми жарым финалда өзбекстандык Абдумалик Халоков менен күч сынашат. Сейитбек уулу тарыхта биринчи ирет дүйнө чемпиондугунда Кыргызстанга медаль алып келмекчи. Анын коло, күмүш же алтын экенин алдыдагы беттештер аныктайт.

Аталган таймаш Ташкент калаасында 30-апрелде башталган. Кыргызстандын атын бокс боюнча дүйнө биринчилигинде13 спортчу коргоп жүрөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12159