Чүйдө 13 жаштагы Айсезим эки аптадан бери дайынсыз болууда
1543
Сокулук районунда 13 жаштагы Айсезим Арзыматова дайынсыз болуп изделүүдө. Чүй ОИИББден кабарлашкандай, окуучу 26-апрелде үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Кыздын жакындары аны табышууга жардам сурап, милицияга кайрылган.
Белгилери: бою 160-165 см., көздөрү кара, чачтары кара, арык чырай.
Үйдөн чыккан күнү боз-кара түстөгү свитер, кара шым, ак түстөгү кроссовки кийип жүргөн.
Эгерде Айсезим Арзыматованы көргөн, билгендер болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери жана жакындары суранат. Байланыш номерлери: 03134 5-33-80, 0558 86-14-86.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/12161