Бишкекте 17 жаштагы Альбинаны таппай жаьышат. Үйдөн чыгып кеткен бойдон жок
RU

Бишкекте 17 жаштагы Альбинаны таппай жаьышат. Үйдөн чыгып кеткен бойдон жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектке 2003-жылы туулган Альбина Бапаевага издөө салынды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына кыздын аталаш байкеси Асан Аттокуров билдирди.

Белгилүү болгондой, 8-апрелде болжол менен эртең менен саат 07:50-08:30да 7-кичирайонундагы үйүнөн мектепке чыгып кеткен. Бирок мектепке жеткен эмес. Өспүрүм кыздын телефону өчүк.

Кийип жүргөн кийими: үстүндө кызыл куртка, кара шым, бутунда кара ботинкасы, кара рюкзагы бар болчу. Бою 157-165 см, дене түзүлүшү арык.

Альбинаны көргөндөр же кайда экенин билгендер болсо төмөнкү телефондорго чалып кабарлап коюңарды суранабыз: +996 999 799 299, +996 553 102 189, +996 500 099 900, +996 312 544 184 жана 102.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1216