Таластагы күрөш залдарына "Альянс Алтын" олимпиадалык күрөш килемдерин белек кылды
RU

Таластагы күрөш залдарына "Альянс Алтын" олимпиадалык күрөш килемдерин белек кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас облусундагы күрөш залдарына "Альянс Алтын" компаниясы Улуттук Олимпиада комитети менен биргеликте күрөш килемдерин (мат) тапшырды. Бул тууралуу компаниянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Кынатбек Сарчаев билдирди.

"Альянс Алтын" компаниясы Кыргыз республикасынын Улуттук Олимпиада комитети менен келишим түзгөн. Ал келишимдин негизинде Талас облусундагы спорттук иш-чараларга, спорт имараттарынын оңдоо иштерине, спортчуларга демөөрчүлүк кылып келебиз. Бул ирет облустагы төрт райондун бирден күрөш залына олимпиадалык стандарттагы маттарды алып бердик. Биз жаш спортчулардын келечекте жакшы жетишкендиктерге жетишерине ишенебиз", - деди ал.

КРнын Улуттук Олимпиада комитетинин өкүлү Марат Аскарбеков компаниянын мындай колдоосу Талас облусундагы жаш муундун спорт менен жакын болушуна жакшы жардам болгонун баса белгилеп, колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле машыктыруучулар менен күрөш залындагы жаш спортчулар жаңы күрөш килемдеринин келгендерине кубанычта. Алардын бири Кууганды айыл аймагындагы курөш залынын машыктыруучусу Кылычбек Курманалиев буга чейинки күрөш килемдери эскилиги жетип калганда жаңы килемдердин келиши алар үчүн чоң жардам болгонун айтты.

Күрөш килемдери тапшырылган ар бир залда 100гө жакын жаш спортчулар машыгып келишет. Алардын айрымдары өспүрүмдөр арасында Республиканын чемпиондору.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12182