Матраимовдун "Эльдорадо" соода борборунун ордуна жаңы Калкты тейлөө борбору ачылды
RU

Матраимовдун "Эльдорадо" соода борборунун ордуна жаңы Калкты тейлөө борбору ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 9-апрелде Бишкекте мурунку "Эльдорадо" соода борборунун ордунда жаңы Калкты тейлөө борборунун салтанаттуу ачылышы өттү.

Эске салсак, бул имаратты Райымбек Матраимов өзүнүн кылмыш иши боюнча мамлекетке келтирген зыянды кайтаруунун алкагында мамлекеттин менчигине өткөрүп берген.

Имараттын жалпы аянты 1 245 кв.м.

Калкты тейлөө борбору open space форматында иш алып барат. Пилоттук режимде 22:00го чейин иштейт, деген пландар каралууда.

Бүгүнкү күндө боорбор шаарда алты чоң жана эки мини Калкты тейлөө борбору бар. Кыргызтан боюнча алардын саны 26.

Жаңы Калкты тейлөө борборунун дареги Жибек-Жолу проспектиси 381, биринчи кабат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1219