Кайын энеси менен пикир келишпестиктер болуп башка облуска кетип калган келин табылды
RU

Кайын энеси менен пикир келишпестиктер болуп башка облуска кетип калган келин табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгилүү болгондой, 7-апрель күнү милицияга Кашат айылынын 53-жаштагы тургуну кайрылган. Анын айтымында, ошол күнү, келини болжол менен саат 10:00до, үйдөн Балыкчыга тиш доктурга көрүнөм, деп чыгып кеткен бойдон жок.

Анын айтымында, келини ага телефон чалып, Нарын облусунда экендигин айтып, турмушка чыгып кеткендигин кабарлаган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери О.Б. Жалал-Абад облусунун Ичке-Сай айылынан боло тургандыгын аныкташкан. 27 жаштагы күйөөсү К.А. менен Ысык-Көл районундагы Орнок айылынын четинде "Свалка" деген жерде жашачу.

7-апрелде күйөөсүнөн 1 миң сом алып, курбусу Зарина менен тиш доктурга көрүнөм, деп Балыкчыга чыгып кеткен бойдон үйүнө кайткан эмес.

Милиция кызматкерлери анын кайсы жерде экендигин аныктап, Чүй облусунун Белеводское айылынан табышкан.

Эки күндөн кийин, 9-апрелде, милиция ал келинди кайра кайын журтуна кайтарып беришкен, деп билдирүүдө айтылган.

"Ал Нарынга барган эмес, Беловодское айылына өзүнүн туугандарына келген. Албетте турмушка да чыккан эмес. Болгону кайын энеси экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктер болуп, үйүнөн кетип калган", - деп укук коргоочу органдар билдиришти.

Учурда келиндин эмне себептен үйдөн кетип калгандыгы аныкталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1220