Президент УКМКнын Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун жаңы имаратын ачты
RU

Президент УКМКнын Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун жаңы имаратын ачты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун жаңы имаратынын ачылышына катышты.

Иш-чарада мамлекет башчы дүйнө жүзү боюнча маалыматтык технологиялардын жана санариптик экономиканын ыкчам өнүгүүсү айрым тобокелдиктер жана коркунучтар менен коштолуп жатканын белгиледи. Алардын ичинде улуттук коопсуздукка түздөн-түз таасир этүүчү жагдайлар да бар.

Президент баса белгилегендей, азыркы замандын мындай чакырыктарына каршы турууда өлкөбүздө активдүүлүк менен түзүлүп жаткан санариптик инфратүзүмдөрдүн жана кызматтардын киберкоопсуздугун камсыз кылуу – абдан маанилүү маселелердин бири. Ушуга байланыштуу бүгүн УКМКнын маанилүү объектиси – Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун жаңы имараты ачылууда.

Садыр Жапаров учурда улуттук экономиканы санариптик трансформациялоо багытында жигердүү кадамдар жасалып, жарандардын заманбап электрондук кызматтарга жетишүүсүн камсыз кылуу үчүн болгон күч-аракеттер жумшалып жатканын эскертип өттү.

"Өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун жалпы тутумундагы бул жаңы багыт азыркы учурда калыптануу стадиясында десем болот. Ошентсе да акыркы учурлардагы мамлекеттик жана башка маалымат тутумдарына жасалган хакердик чабуулдарды эске алганыбызда, бул тармакты тез арада сапаттуу деңгээлге көтөрүп, өнүктүрүүнү мезгил өзү талап кылууда", - деп белгиледи президент

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12238