"Бөтөлкө менен зордукташты" деген. Милиция камактагы кишинин айткандарын четке какты
RU

"Бөтөлкө менен зордукташты" деген. Милиция камактагы кишинин айткандарын четке какты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда камакка алынган киши кыйноого кабылганын айтып, Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбордун Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгына кайрылган. Аталган борбордон билдиришкендей, кызматкерлер СИЗО-5ке барып, окуя менен таанышкан.

Белгилүү болгондой, соттолуучу Н.К. ушул жылдын 7-мартында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары кармалып, РИИБге жеткирилген.

Ыкчам кызматкерлер жана тергөөчү иш бөлмөдө аны кыйноого алышкан: курсагына уруп, андан соң күнөөсүн моюнга алдыруу үчүн бөтөлкө менен зордукташкан. Кармалган адам кыйноо тууралуу эртерээк билдирүүдөн корккон.

Мекеменин медициналык документтерин текшерүүнүн жүрүшүндө ошол мезгилде (кыйноого алды деген убакта) эч кандай жаракаттар, саламаттыгы боюнча даттануулар катталбаганы аныкталган.

Сүйлөшүүдөн кийин кыйноолорго каршы кызматкерлер СИЗО-5тин медициналык бөлүмүнө Н.К.нын ички органдарын УЗИден текшерүүнү сунушташкан.

Ал эми соттолуучу Н.К. арыз жазып, тиешелүү анкеталар толтурулган. Бардык документтер Жалал-Абад облусунун прокуратурасына өткөрүлгөнү белгилүү болгон.

Жогорудагы маалыматтан кийин Жалал-Абад ОИИБден Kaktus.kg сайтына кыйноого кабылдым деген жарандын айткандарын четке кагып, анын иши тууралуу маалымат беришти.

"Сузак РИИБине 2004-жылы туулган кыз арыз менен кайрылган. Ал 2022-жылы сентябрь айынын аягында 1980-жылы туулган атасы Н.К. үйүндө зордуктап койгонун билдирген.

Бул факты 154-берене (зордуктоо) менен катталып, кылмыш иши козголуп, окуяга шектүү катары Сузак районунун тургуну Н.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Окуя Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан толук кандуу тергелип, материал соттун кароосуна жөнөтүлгөн.

Н.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип жаткан учурда медициналык кароодон өткөрүлүп, ден соолугуна эч кандай даттануусу жоктугун билдирген. Ошондой эле денесинде эч кандай жаракаты жок экенин күбөлөндүрүү актысы медициналык кызматкер тарабынан толтурулган.

Андан кийин Ош шаарында жайгашкан Жазаларды аткаруу кызматынын 25-мекемесине 2 ирет этап менен жеткирилген. Ар барган сайын ал жерде медициналык атайын бөлүм тарабынан ден соолугуна кароо жүргүзүлүп турган.

Өз кызын зордуктоого шектелип кармалган Н.К.ны кармоо учурунда жана убактылуу кармоочу жайда отурган учурда Сузак РИИБдин кызматкерлери тарабынан эч кандай кыйноо фактылары болбогонун билдиребиз", - дешет облустук милициядан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12245