Төрт-Күл суу сактагычында кайык менен сейилдеген балдар чөгүп кетти
RU

Төрт-Күл суу сактагычында кайык менен сейилдеген балдар чөгүп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде Төрт-Күл суу сактагычына 2 бала чөгүп кетти. ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришкендей, бир өспүрүмдүн жансыз денеси табылды.

Куткаруучуларга 14-майда саат 20:35те Төрт-Күл суу сактагычында кайыкта сейилдеп жүргөн (болжол менен 15-20 жашта) балдар сууга чөккөндүгү боюнча маалымат түшкөн.

Издөө иштери саат 20:50дө башталып, 10 куткаруучу тартылып, түнкү саат 00:00гө чейин жүргүзүлдү.

Бүгүн, 15-мада саат 05:50дө 15 куткаруучу издөө иштерин улантууга чыгып, саат 08:35де 2009-жылы туулган Д.М`нын сөөгүн табышты. Учурда издөө иштери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12260