"Дагы бир рекорд". "Айыл Банк" уставдык капиталдын көлөмү боюнча №1 банк болду
RU

"Дагы бир рекорд". "Айыл Банк" уставдык капиталдын көлөмү боюнча №1 банк болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Айыл Банк" ААК уставдык капиталдын көлөмү боюнча Кыргызстандын банктарынын ичинен биринчи орунду ээледи – 12,4 миллиард сом.

Уставдык капиталды көбөйтүү чечими бүгүн, 15-майда банктын акционерлеринин кезексиз жыйынында кабыл алынды. Чечимге ылайык, "Айыл Банк" ААКтын чыгарылган жөнөкөй акцияларынын жалпы саны 1,2 млн нусканы түздү.

Кошумчалай кетсек, 2023-жылдын 1-январына карата Банк финансылык көрсөткүчтөр боюнча алдыңкы позицияларды ээлеген, атап айтканда:

  • Активдер боюнча - 78,2 млрд сом;
  • Насыя портфели боюнча - 33,1 млрд сом;
  • Таза киреше боюнча - 4,20 млрд сом.

"Айыл Банк" – бул өз элинин салттарын терең урматтап, кардарларга кам көрүү менен келечегиңизди ойлогон, сиздин туруктуу жана ишенимдүү өнөктөшүңүз.

"Айыл Банк" – Сизге жакын!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12265