"Керемет банк" иши: Улуттук банктын айыпталып жаткан мүчөлөрү мамлекетке 2 млн сом төлөдү
RU

"Керемет банк" иши: Улуттук банктын айыпталып жаткан мүчөлөрү мамлекетке 2 млн сом төлөдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Керемет банктын" иши боюнча беш айыпталуучунун экиси 2 миллион сом өлчөмүндө мамлекетке чыгым төлөдү. Бул тууралуу Kaktus.media сайтынын редакциясына Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылдын 15-майында райондук сот "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча Улуттук банктын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш менен Улуттук банктын башкармалыгынын экс-мүчөсү Нурлан Сагындыковду күнөөлүү деп тапкан.

Сот алардын ар бирине бир миллион сомдон айып салды. Айыпталуучунун баш коргоо чарасы эч жакка чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү көрсөтмөгө өзгөртүлүп, алар сот залынан камактан бошотулду.

Эскерте кетсек, козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМКга Улуттук банктын мурдагы жетекчилигинин "Росинбанк" ААКсынын (учурда - "Керемет Банк" ААКсы) акцияларынын контролдук пакетин негизсиз сатып алууда көрсөтүлгөн мыйзамсыз иштеринде 8 млрд сомго чыгым боюнча маалыматтар келип түшкөн.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Улуттук банктын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басарлары, ошондой эле башкармалыктын мурдагы мүчөлөрү кармалган.

Ошондой эле Кыргызстандын УКМКнын ички коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары жана УКМКнын тергөөчүсү кармалган.

Иликтөө иштеринин алкагында "Керемет банктын" төрагасынын орун басары Максат Дадыбаев, борбордогу филиалдын директору, ошондой эле банктын эки кызматкерине да иш козголгон.

КР Башкы прокурору Курманкул Зулушев Түркияда ушул эле иш боюнча дагы эки шектүү кармалганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12281